Көчмөндөр оюндары: көк бөрүдөн Кыргызстан жеңүүчү болду

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттештер аяктады.   Финалда Кыргызстан менен Казакстан курама командалары кез келип, 10:4 эсебинде Кыргызстан жеңишке жетти.   Жыйынтыгында Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Россия Кыргызстанда «Чандалаш» жана «Жерүй» чакан ГЭСтерин курат

Россия Кыргызстанда «Чандалаш» жана «Жерүй» чакан ГЭСтерин курат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимдер Ысык-Көлдөгү кыргыз-орус экономикалык форумунун жыйынтыгында жетишилди.   Жалал-Абад облусундагы «Чандалаш» ГЭСи менен Таластагы «Жерүй» гидроэлектрстанциясы 80 млн долларга бааланды.   Форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда жалпы 265 млн… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайрадан ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайрадан ачылды. Алардын бири Ош облусундагы «Кара-Суу» пункту болсо, экинчиси Жалал-Абаддын Ноокен районунда жайгашкан «Кең-Сай» бекети.   Мындан 14 жыл мурун жабылган «Кара-Суу» өткөрмө бекети суткасына 5 миңге чейин адамды тейлей алат деп күтүлүүдө. Ал эми Өзбекстан тараптан «Үч-Коргон»… Кененирээк…

Көчмөндөр оюндары: көкпардан Казакстан жеңүүчү болду

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар боюнча курамасы күмүш медалга ээ болду. Алар финалдык беттеште Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде жеңилди.   Беттештин негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыгып, 10 мүнөттүк кошумча убакытта казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып, утушту.  … Кененирээк…

17-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

17-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасында токтотулат.   Мунун себеби суу түтүктөрүндө жүргүзүлчү оңдоо иштерине байланыштуу.   Калк жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.   Ушул… Кененирээк…

Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» өткөрмө бекети кайрадан иштеп баштады

Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» өткөрмө бекети да кайрадан иштеп баштады. Өткөрүү пункту Ноокен районунун Кызыл-Туу айылындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан.   Аталган бекет Өзбекстан тараптан «Үч-Коргон» көзөмөл өткөрүү пункту деп аталат.   «Кең-Сай» көзөмөл өткөрүү бекети күнү-түнү иштейт, эл аралык макамга ээ. Бул бекет… Кененирээк…

Японияда жылдын эң таң калыштуу кылмышынын бети ачылды

Японияда жылдын эң таң калыштуу кылмышынын бети ачылды.   Милицияга бир аял кайрылып, жашыруун номурдан чалуулар боюнча арызданган. Белгисиз адам ага күнүнө бир нече жолу телефон чалып, трубканы койгонго чейин такыр унчукпай тура берчү.   Милиция кызматкерлери телефон чалган аялдын күйөөсү экенин аныкташкан. Сурак маалында… Кененирээк…

Оштогу “Бакыт үйүндө” пилоттук долбоор ишке кирди

Оштогу “Бакыт үйүндө” мамлекеттик кызматтарды жаңы форматта көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, эми чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар ал жерге катталып, жашоого уруксат ала алышат.   Ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын алуу жана андан чыгуунун жол-жоболору да бар. Мындай… Кененирээк…

Кыргызстанда чыгарылган тик учактар сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды

Кыргызстанда чыгарылган тик учактар сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды.   Бул тууралуу “Кабар” президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековго шилтеме келтирип  жазды.   Маалыматка ылайык, тик учактар эки орундуу, 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты 3 саатта учуп өтөт.   Ушул жана… Кененирээк…

Ош облусунда “Кара-Суу” өткөрмө бекети кайрадан ачылды

Ош облусунда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу” өткөрмө бекети 14 жылдан кийин кайрадан ачылды. Анда эки тарапта бештен кызматкер суткасына  5 миңге чейин адамды тейлейт деп пландалууда.   Буга чейин “Достук” өткөрмө бекетинде узун кезек пайда болуп,  “Ынтымак” жана “Кара-Суу” пункттарын ачуу пландалган, биринчиси учурда оңдоп-түзөөдөн… Кененирээк…