Нарынга Бишкектен алты троллейбус жеткирилди

Нарынга Бишкектен алты троллейбус жеткирилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.   Троллейбустар эки шаардын мэрияларынын кызматташтыгынын алкагында өткөрүлүп берилди. Аларды пайдаланууга берүү иштери жүрүп жатат.   Буга чейин Ошко да бир нече троллейбус жөнөтүлгөн.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.   Мэриянын маалыматына караганда, бүгүн түнкү саат 11де Жибек-Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылына жабылат. Кесилиш 16-сентябрда эртең мененки саат 8де ачылат.   Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин оңдолот.   Ушул жана… Кененирээк…

Рейддин жыйынтыгында 1,7 млн сом транспорт салыгы түштү

Мамлекеттик салык кызматы ушул айдын башынан тарта жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында транспорт салыгынан 1 млн 710,3 миң сом чогулганын билдирди.   Ведомстводон маалымдашкандай, бул аралыкта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте 154 рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө транспорт каражаттарына салык төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарбаган… Кененирээк…

Эртең Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт

Бишкекте эртең, 14-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт. Иш-чара 15-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулат.   Мэриядан белгилешкендей, өзгөчө көңүл ирригациялык тармактарды тазалоого, имараттардын алдын, парк-скверлерди жыйноого бөлүнөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Бишкекте Балдар жүрөк хирургия бөлүмүнүн имаратынын курулушу башталды

Бүгүн Бишкектеги Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун базасында Балдар жүрөк хирургия бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.   Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бөлүмдө жүрөк оорусуна чалдыккан балдар дарыланат жана хирургиялык операциялар жасалат.   Беш кабаттуу бөлүм 75 орунга ылайыкталат. Анын курулушу мамлекеттик-жеке… Кененирээк…

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдарынын саны боюнча экинчи орунга чыкты

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдарынын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Өлкө куржунунда 16 алтын, 17 күмуш жана 20 коло медаль бар.   Биринчи орунду 86 медаль менен Казакстан ээледи. Үчүнчү сапта Өзбекстан – 34, Төртүнчүдө Россия – 45, 5-орунда 6 медаль менен Түркия келе… Кененирээк…

Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын балансында 1 миң 276 автобус бар

Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын балансында 1 миң 276 автобус бар. Бул тууралуу ишкананын директору Талант Капаров билдирди. Анын айтымында, 1 миң 120 автобусту мэрия бюджеттин эсебинен сатып алса, калган транспорт Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы менен насыяга алынган.   Автобустар күн сайын ордо калаада… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги окуучулардын саны аз мектептерди оптимизациялайт

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты.   Ведомстводон маалымдашкандай, буйрукка ылайык жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат, анын ичинен: Ош облусунда – 22; Нарын облусунда – 10; Чүй облусунда – 6; Баткен облусунда –… Кененирээк…

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын башкы фаворити аталды

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын башкы фаворити аталды. Рейтингди Goal.com порталы түздү. Биринчи орунда трофейдин азыркы ээси Аргентина курамасы жайгашат.   Экинчиде Испания командасы жана фавориттердин үчилтигин Англия курамасы бекитет. Тизмеде ошондой эле Германия, Колумбия, Нидерланды, Португалия жана Италия бар.   Эске салсак, 2026-жылкы мундиаль АКШ, Мексика… Кененирээк…

Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери Японияга визасыз бара алат

Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери Японияга визасыз бара алат.   Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү макулдашуу бүгүнтөн тарта күчүнө кирди. Келишимге ылайык, дипломаттык жана кызматтык паспортторго ээ болгон Кыргызстан жана Япония жарандары эки өлкө аймагына визасыз кирип, 90 күн жүрө алышат.   Ушул жана… Кененирээк…