Бишкекте Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды

Бүгүн Бишкекте Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат. Бул тилкеде капиталдык оңдоо иштери аяктады.   Белгилеп кетсек, Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батордон Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо уланууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандын улуттук курамасы 65 медаль жеңди

8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасы 65 медаль — 19 алтын, 21 күмүш, 25 коло жеңди.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеште ат чабыш, кыска аралыкка ат чабыш, тыйын эңмей, салбуурун, тогуз коргоол, овари, мангала,… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир көчөнүн кесилиши унаа кыймылына жабылды

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мэриянын маалыматына караганда, Жибек-Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылына жабылды. Кесилиш 16-сентябрда эртең мененки саат 8де ачылат.   Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин оңдолот.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлорунун иш графиги узарат

Келе жаткан дүйшөмбү, 16-сентябрдан тарта калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысы бир саатка узарат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, мындай демилге мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, күтүү убактысын кыскартуу жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.   Ага ылайык, калкты тейлөө борборлору саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт,… Кененирээк…