Кытай “Эркечтам” өткөрүү түйүнүндө кыргыз-кытай ынтымак көпүрөсүн курду

Кытай “Эркечтам” өткөрүү түйүнүндө кыргыз-кытай ынтымак көпүрөсүн курду. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Алмаз Тургунбаев билдирди.   Анын айтымында, объект Ош облусунун Алай районунда, Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда жайгашат. Көпүрөнүн узундугу 187 метр, туурасы — 24 метрди түзөт. Кытай… Кененирээк…

Президент Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия – Германия» мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн 17-сентябрда Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалыматка караганда, тараптар өз ара алаканы жана Борбор Азиянын Германия менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат. Ошондой… Кененирээк…

Give Me Sport британиялык басылмасы 2000-жылдардын мыкты футболчуларын атады

Give Me Sport британиялык басылмасы 2000-жылдардын мыкты футболчуларын атады. Рейтингдин сап башында аргентиналык оюнчу Лионель Месси жайгашат. Андан кийинки орунда анын ар дайымкы атаандашы Криштиану Ронулду турат.   Үчилтикти бразилиялык Роналдиньо бекитет. Андан тышкары, мыктылардын тизмесинде Зинедин Зидан, Хави, Андрес Иньеста, Кака, Роналдо жана Икер… Кененирээк…

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда эки тилкени бөлүүчү тосмолор орнотулат

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда эки тилкени бөлүүчү тосмолор орнотулат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, алар трассанын  38-чакырымында пайда болуп, 6 чакырымга созулат.   Учурда мамыларды орнотуу иштери жүрүүдө. Темир конструкциялар карама каршы келе жаткан унаалардын сүзүшүүсүн алдын алуу максатында орнотулат.   Ушул… Кененирээк…

Кыргызстанда иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар

Кыргызстанда иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, вакансиялардын көбү тигүүчүлөргө, мугалимдерге, медицина кызматкерлерине, куруучуларга жана ар тараптуу жумушчуларга жарыяланган.   Министрликтен кошумчалашкандай, республика боюнча бош орундар менен  zanyatost.kg веб порталынан таанышса болот.… Кененирээк…

Барскоон – Каракол унаа жолу реконструкцияланат

Барскоон – Каракол унаа жолу реконструкцияланат. Унаа жана жолдор министрлиги калыбына келтирүү иштерине тендер жарыялады. Ага ылайык, Ысык-Көлдүн шакекче жолуна кирген тилкенин жалпы узундугу 75 чакырымды түзөт.   Аткаруу иштерине арыздар 25-октябрга чейин кабыл алынат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суу 12,8 млрд метр кубга жетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16-сентябрда 12 млрд 842 млн метр кубга жетти. Бул тууралуу «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы маалымдады. Ага ылайык, бүгүнкү күнү суу чөйчөккө секундасына 333 метр куб суу агып кирсе, иштелген суунун көлөмү секундасына 199 метр кубду түзүп жатат. Үч ай мурун,… Кененирээк…

Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңыланган фонтандар 21-сентябрда иштеп баштайт

Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңыланган фонтандар 21-сентябрда иштеп баштайт. Ушул эле күнү кечинде борбордук аянт реконструкциядан кийин салтанаттуу түрдө ачылат.   Шаар тургундары жана коноктор үчүн эстрада жылдыздарынын катышуусу менен маданий программа даярдалды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Улуттук госпиталда жаңы ыкчам медициналык кызмат бөлүмү ачылды

Улуттук госпиталда жаңы ыкчам медициналык кызмат бөлүмү ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, борбор бир нече негизги кызматтарды бириктирет.   Алсак, ага жаак-бет хирургия, кол хирургиясы, травматология, терапевттик кабыл алуу бөлүмү жана башкалар бар. Курулуш жана оңдоо иштерине каражатты уюмдардын бири бөлүп берген.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргызстанда эттин баасы турукташып баштады

Кыргызстанда эттин баасы турукташып баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, баалар ортомчулардын айынан көтөрүлгөн.   Буга байланыштуу Ветеринардык кызмат эт саткан дүкөндөрдү кыдырып, мониторинг жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин өткөрдү.