Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 млн доллар алат

Кыргызстан Ысык-Көл айланма жолунун курулушуна Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 млн доллар алат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Абсаттар Сыргабаев Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде билдирди.   Маалыматка ылайык, каражаттын 87 млн доллары насыя, калган 22 млн доллардан ашыгыраагы грант катары берилет. Кредитти 32 жылда кайтарып… Кененирээк…

Жалал-Абадда Юстиция министрлигинин имараты курулууда

Жалал-Абадда Юстиция министрлигинин облустук башкармалыгынын имараты курулууда. Ведомстводон маалымдашкандай, бул жерде Юридикалык жардам кызматы, Пробация департаменти, мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү жана башка бөлүмдөр жайгашат.   Маалым болгондой, Юстиция башкармалыктарынын имаратын куруу иштери учурда Бишкек, Ош, Баткен, Каракол, Талас, Нарын жана Кочкордо жүрүп жатат.… Кененирээк…

Бишкектин борбору бир сутка суусуз калат

Бишкектин борбору бир сутка суусуз калат. Эртең саат 9дан түнкү 9га чейин темир жол линиясы, Аламүдүн дарыясы жана Фрунзе, Панфилов көчөлөрү менен чектелген аймакта таза суу берүү токтотулат.   Мындан тышкары, Матросов, Горький, Бектенов, Скрябин, Мавлянов жана 7-апрель көчөлөрүнүн аймагында суу болбойт.   “Бишкексууканал” ишканасы… Кененирээк…

Бишкекте «АгроТехЭкспо-2024» жарманкеси өтөт

Бишкекте 18-20-октябрь күндөрү республикалык «АгроТехЭкспо-2024» агроөнөржай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба азыктарынын жарманкесин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   «АгроТехЭкспо-2024» жарманкесинин алкагында агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, заманбап… Кененирээк…

Ретро FM радиосунун «Күзгү патруль» акциясы уланууда

Ретро FM радиосунун “Күзгү патруль” акциясы уланууда. Ага катышуу үчүн радиону тыңдап, сыр сөздү жаттап, Бишкекте Ретро FMдин унаасын издөө кажет.   Жолдо жүрүү эрежелери боюнча суроолорго туура жооп берген угармандар 15 литр бензинди белекке алышат. Мындан тышкары көптөгөн белектер бар.   Ички иштер министрлигинин… Кененирээк…

Чүй облусунда жолдорду асфальттоо иши уланууда

Чүй облусунда жолдорду асфальттоо иши уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен кабарлашкандай, Красная-Речка – Ысык-Ата унаа жолун асфальттоо иштери толугу менен аяктады.   Учурда жол чийиндерин чийүү, жээктерди бекемдөө, керектүү жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.   Ошондой эле Александровка – Асылбаш жолу асфальт төшөө үчүн даярдалууда.… Кененирээк…

Кыргызстанда сот процесстери онлайн өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда сот процесстери онлайн өтүшү мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып жатканын Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев билдирди.   Ага ылайык, орун басарлардын санын үчтөн төрткө көбөйтүп, жаңы кызматкерге санариптештирүү тармагын берүү сунушталууда.   Документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына кароого жөнөтүлдү.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт.   Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 26-27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.   27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Таластын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Добуш берүүчүлөр Tizme порталына жайгаштырылды

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси Tizme порталына жайгаштырылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, жарандардын аты-жөнү 28-сентябрга чейин шайлоо тилкелерине илинет.   Маалыматты шайлоо участогунан тактап же 119 номерине ПИН кодду көрсөтүү менен СМС жөнөтсө болот. Эгер жаран өзүнүн маалыматтарында ката тапса же… Кененирээк…

4,5 миңден ашык жумушсуз кыргызстандык кесиптик билим алышты

4,5 миңден ашык жумушсуз кыргызстандык кесиптик билим алышты. Бул тууралуу калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын порталында маалымдалды.   Жарандар компьютердик оператор, ашпозчу, косметолог, чач тарач, эсепчи, унаа айдоочу, слесарь, бал челекчилик жана башка кесиптерди үйрөнүштү. Анын алкагында 1-августка карата акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга… Кененирээк…