Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо үгүт жүргүзүүнүн мөөнөтү аныкталды

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүнүн мөөнөтүн аныктады. Алсак, шаардык кеңештер үчүн өнөктүк 18-октябрдан, айылдык кеңештерде 28-октябрдан башталат.   Үгүт компаниясы 16-ноябрда эртең мененки саат 8де токтотулушу керек. Шайлоонун жыйынтыгы 8-декабрга чейин жарыяланат.   Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот

Ысык-Көлдүн 45 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кызыл-Суу, Кажы-Сай жана Бөкөнбаев айылдарынын калкы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу… Кененирээк…

Нарын облусунда жер титиреди

Нарын облусунда бүгүн, 23-сентябрда саат 05:34тө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.   Жердин силкинүүсү Кызарт жана Жумгал айылдарында 3 баллга чейин… Кененирээк…

Ош шаарындагы “Коопсуз шаардын” камералары жөө адамдардын эреже бузган учурларын да тартат

Ош шаарындагы “Коопсуз шаардын” камералары жөө адамдардын эреже бузган учурларын да тартат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Ошондой эле айдоочу, жүргүнчү коопсуздук курун тагынбаса эреже бузуу болуп катталат. Бишкек менен Чүйдө мындай эреже бузуулар азырынча камерага түшпөйт.  Эске салсак, “Коопсуз… Кененирээк…

Жыл башынан бери Россиядагы кыргызстандык мигранттар 1 миллиард 552 миллион доллар которду

Жыл башынан бери Россиядагы кыргызстандык мигранттар 1 миллиард 552 миллион доллар которду. Мындай маалымат менен Улуттук банк бөлүштү.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын январь айынан июлга чейин жалпысынан Кыргызстанга 1 миллиард 671 миллион доллар которулду. Бул өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу… Кененирээк…

Африкада кар жаады

Африкада кар жаады. Түштүк Африка өлкөлөрүндө 10 саат бою кар жаап, анын калыңдыгы айрым жерлерде 2 метрге чейин жетти. Белгилеп кетсек, бул убакта Африкада кардын жаашы — сейрек кездешүүчү көрүнүш.   Учурда республикада жаз, ал эми жаан-чачын ноябрдан мартка чейин күтүлөт. Кышкысын орточо температуралык көрсөткүч… Кененирээк…

Бишкекте Жибек Жолу проспектисин жана Горький көчөсүн капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте Жибек Жолу проспектисин жана Горький көчөсүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн Горький көчөсүнүн Абдрахманов — Панфилов тилкеси унаа кыймылына ачылды.   Учурда Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки тилке жабык. Белгилеп кетсек, Горький көчөсү Айтматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.  … Кененирээк…

Бишкекте ЖЭБ-2нин аймагында айкалышкан циклдеги электр станциясы курулат

Бишкекте ЖЭБ-2нин аймагында айкалышкан циклдеги электр станциясы курулат. Ордо калаа мэриясы компаниялардын бири менен инвестициялык макулдашууга кол койду.   Келишимдин суммасы 300 миллион долларды түзөт, ал эми электр станциянын кубаттуулугу 250 мегаваттан ашат. Күтүлгөндөй, долбоордун алкагында инфраструктура жаңыртылып, жаңы жумуш орундары түзүлөт.   Андан тышкары,… Кененирээк…

Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча тиркеме иштелип чыкты

Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча тиркеме иштелип чыкты. “Кыргызча оңой” деп аталган мобилдик тиркемени Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тартуулады. Анда орус, англис тилдүүлөргө кыргыз тилин жеңил үйрөнүү шарттары каралган.   Тиркеме бардык системадагы смартфондорго жеткиликтүү.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады

Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады. Автоматтык эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты. Ал добуштардын 48 пайыздан ашыгын алган.   Добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат. БШК жеңүүчүнү 5-октябрга чейин жарыялайт.   Эске… Кененирээк…