Турак жай кооперативдеринин ишин эми үч мекеме көзөмөлдөйт

Министрлер кабинети “Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды.   Ага ылайык, кооперативдердин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Улуттук банк аныкталды.… Кененирээк…

Соцконтракттын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз насыя бериле баштады

Кыргызстанда социалдык контракттын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз насыя бериле баштады.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, кредит берүү эки мамлекеттик банк аркылуу ишке ашууда.   Маалыматка ылайык, учурга карата пайызсыз кредит Алай, Чаткал жана Кочкор районунун тургундарына берилди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстандын туристтик жайлары менен таанышууга түркиялык блогерлер келди

Кыргызстандын туристтик жайлары менен таанышууга түркиялык блогерлер келди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, коноктор 24-27-сентябрь күндөрү өлкөнүн бардык туристтик жайларын көрүп, элдин меймандостугу менен таанышат.   Бул сапар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туристтик байланыштарды чыңдоодо, өлкөнү эл аралык аренага таанытууда… Кененирээк…

Кыргызстанда рейддин жүрүшүндө 300дөй мотоцикл айып короого токтотулду

11-22-сентябрь аралыгында өлкө аймагында рейд өткөрүлүп, 272 мотоцикл айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Рейддик иш-чара мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Анын натыйжасында жол эрежесин бузган жалпы 2690 мопед… Кененирээк…

Кыргызстандык авиакомпания Таиланд, Вьетнам жана Индияга уча баштайт

Ата мекендик авиакомпания популярдуу туристтик багыттарга жаңы каттамдарды ачат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашты.   Алсак, самолет 4-декабрдан тарта Таиландга, 26-декабрдан Вьетнамга, 28-декабрдан тарта Индияга жумасына бир жолу уча баштайт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ажылык үчүн Кыргызстанга быйыл 6 миң квота бөлүндү

Ажылык үчүн Кыргызстанга быйыл 6 миң квота бөлүндү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда муфтиятта ажылык сапарын уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, иш алып бара баштады.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи келди

Женалы Орозбаев мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Экономика жана коммерция министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Гүлшат Асылбаева мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Буга чейин ал Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымы кызматын аркалап келген.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Кыргызстанда эл аралык деңгээлде эки соода-логистикалык борбор түзүү пландалууда

Кыргызстанда эл аралык деңгээлде эки соода-логистикалык борбор түзүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, соода-логистикалык борборлор жакынкы чет өлкөлөргө агроазык-түлүк продукциясын экспортоого багытталат.   Долбоор 2024-2028-жылдары ишке ашат деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Кыргызстанда ишкерлерди мыйзамсыз текшергендерге айып салуу сунушталды

Кыргызстанда ишкерлерди мыйзамсыз текшергендерге айып салуу сунушталды.   Тиешелүү мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгеледи. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелер ишкерлерди текшерүү үчүн алгач прокуратура органдарына кайрылышы керек. Көзөмөл органы кайрылууну карап чыгып, текшерүүгө негиз болсо, атайын реестрге каттайт.   Эгер мамлекеттик органдан катталбай туруп текшерсе, анда… Кененирээк…