Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши 4-5 саатка жабылат

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 24-сентябрда саат 15:00дөн баштап Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Жол 4-5 сааттан кийин ачылат.   Белгилеп кетсек, Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин оңдолууда.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.   Мэриянын маалыматына караганда, 25-сентябрда күндүзгү саат 10дон кечки 9га чейин Чатыркөл, Шералиев, Күйүкова, Чортеков, Ахунбаев, Муромская, Жазира, Көпүрө-Базар, Репин көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу болбойт.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Telegram өлкө бийлигинин талабы менен колдонуучунун IP дарегин жана телефон номерин ачыктайт

Telegram өлкө бийлигинин талабы менен колдонуучунун IP дарегин жана телефон номерин ачыктайт. Бул тууралуу мессенджердин негиздөөчүсү Павел Дуров жарыялады.   Жеке маалыматтар юридикалык сурамдын негизинде берилет. Telegram колдонуучулары үчүн жазылган эрежелер жаңыланды. Мындай чара кылмыштарды алдын алуу үчүн жасалууда.   Эске салсак, Дуров бир ай… Кененирээк…

Президенттин администрациясы Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматкерлерди жумасына эки ирет коомдук транспортто жүрүү боюнча демилгесин колдоду

  Президенттин администрациясы Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматкерлерди жумасына эки ирет коомдук транспортто жүрүү боюнча демилгесин колдоду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   Ага ылайык, шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Бул эки күн автоунаа кыймылы эң көп болгон… Кененирээк…

Үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөт

Үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Иш-чарага 700 делегат чакырылды. “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган.   Ага ылайык, делегаттардын саны 1 миң 70тен 700гө чейин азайтылган. Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында… Кененирээк…

Быстровка ГЭСин реконструкциялоого Дүйнөлүк банк 4,6 миллион доллар бөлүп берди

Быстровка ГЭСин реконструкциялоого Дүйнөлүк банк 4,6 миллион доллар бөлүп берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ошондой эле каражаттын бир бөлүгү тиешелүү документацияны иштеп чыгууга жумшалат.   Гидроэлектрстанция 1954-жылы ишке берилип, эскилиги жеткендиктен, кубаттуулугу кыскарган.   Аны реконструкциялоо менен натыйжалуулугун 18 пайызга көбөйтүп, жылдык электр энергиясын… Кененирээк…

Бишкекте Сүйүмбаев — Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши 4 күнгө жабылат

Бишкекте Сүйүмбаев — Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши 4 күнгө жабылат.   Мэрия маалыматына ылайык, бул Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй-Москва тилкесинде асфальт төшөө иштерине байланыштуу. Аталган көчөлөр кесилиши унаа кыймылына  28-сентябрда ачылат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ош облусунун Алай районунда жаңы мектеп пайда болот

Ош облусунун Алай районунда жаңы мектеп пайда болот. Кичи-Бүлөлү айылындагы окуу имараты 150 орунга чакталат. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү.   Анда окуу корпусунан тышкары, акты жана спорт залдары, ашкана каралат. Нарматов атындагы буга чейинки мектеп имаратынын эскилиги жеткендиктен, жаңы окуу корпусун куруу чечими кабыл… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери  селден 5 миң 350 турак жай жабыркады

Кыргызстанда жыл башынан бери  селден 5 миң 350 турак жай жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, 102 үй бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж.   Жалпысынан өлкө аймагында жыл башынан бери 331 сел кырсыгы катталган. Басымдуусу түштүк облустарына жана Ысык-Көл аймагына… Кененирээк…

Швейцария шоколадды керектөө боюнча дүйнөлүк лидер

Швейцария шоколадды керектөө боюнча дүйнөлүк лидер. Statista агенттигинин маалыматы боюнча, бул өлкөдө бир адам жылына дээрлик 12 килограмм таттуу азык жейт.   Экинчи орунда 7,5 килограмм шоколад менен АКШ турса, үчилтикти Германия бекитет. Бул өлкөдө бир адамга 5 килограмм 800 грамм шоколад туура келет.  … Кененирээк…