УКМК “Кызыл-Белес” лыжа базасы мамлекетке кайтарылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекетке кайтарылганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 10 гектар лыжа базасы жана жайыт жерлери буга чейин жеке менчикке өтүп, кийин үчүнчү жактарга сатылып кеткени аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери 50 млн сомдон… Кененирээк…

Быйыл Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлдү

Быйыл Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жолдун 10 чакырымы демөөрчү тарабынан жасалса, 10 чакырымы өлкө казынасынын эсебинен оңдолду. Белгилеп кетсек, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 138 чакырымды түзөт. Өткөн… Кененирээк…

“Улуттук электр тармактары” компаниясы 12 жаңы административдик имарат курууда

“Улуттук электр тармактары” компаниясы 12 жаңы административдик имарат курууда. Иштер учурда Баткен, Сүлүктү, Бишкек шаарларында жана Ивановка, Кара-Кулжа аймактарында жүрүп жатат. Имараттар жыл аягына чейин колдонууга берилет.   Аларда заманбап диспетчердик кызмат жана дистанциялык борборлор түзүлөт. Андан тышкары, абоненттер үчүн электрондук кезек системасы менен Бирдиктүү… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги кыймылдаткычынын кубаты 50 кубдан төмөн болгон мопед, мотоциклдер үчүн айдоочулук күбөлүктүн категориясын киргизүүнү сунуштайт

Ички иштер министрлиги кыймылдаткычынын кубаты 50 кубдан төмөн болгон мопед, мотоциклдер үчүн айдоочулук күбөлүктүн категориясын киргизүүнү сунуштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, күбөлүктөгү “А” категориясына кошумча “А1” сыяктуу болуп кошулат.   Бул боюнча жумушчу топ иштеп жатат.   Ишке аша турган болсо, кыймылдаткычынын… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмесине  4 миллиондон ашык адам киргизилди

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмесине  4 миллиондон ашык адам киргизилди. БШК алдын ала тизмени жарыялады.   Жарандар “Тизме” порталынан өздөрү тууралуу маалыматты такташы керек, ал эми кагаз түрүндө добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү 28-сентябрда 2 миң 438 шайлоо тилкесинде илинет.   Эске салсак, президенттин жарлыгы… Кененирээк…