Месси «Интер Майами» клубу менен келишимин узартпайт

Лионель Месси америкалык «Интер Майами» клубу менен келишимин узартпайт. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, 37 жаштагы футболчу кийинки жылы Аргентинага кайтууну көздөп жатат.   Ал карьерасын ошол жерден жыйынтыктоону пландоодо.   Эске салсак, Месси «Интер Майаминин» командасына былтыр жайында кошулган.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы керек

Тоолуу аймактарга барууну пландап жаткан айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн алмаштырышы керек. Унаа жана жолдор министрлиги маалымдагандай, бүгүн жана эртең республика боюнча туруксуз аба ырайы сакталып, тоолордо кар жаашы күтүлөт.   Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Долон ашууларынан өткөндө сөзсүз түрдө чынжырчалар болушу зарыл.   Мындан тышкары, жол… Кененирээк…

Электр тармактарынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүүчү комиссиялар түзүлдү

Өлкөдө электр тармактарынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүүчү комиссиялар түзүлдү. Адистер республика боюнча “Улуттук электр тармактары” компаниясынын филиалдарын кыдырып, капиталдык курулуштарынын сапатына, көлөмүнө жана өз убагында аткарылышына, энергетика объектилерин, имараттарды, курулмаларды жана транспорт каражаттарын оңдоо иштерине баа беришет.   Бардык бөлүмдөрдүн жана кызматтардын даярдыгы абанын температурасынын… Кененирээк…

Кызыл-Кыяда УКМКнын жаңы имараты ачылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнө курулган жаңы имаратты пайдаланууга тапшырды.   Имараттын ачылыш аземине УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, бир катар талаптарды эскертти.… Кененирээк…

Кыргызстанда QR-код аркылуу төлөм жүргүзгөндөр көбөйүүдө

Улуттук банк QR-коддорду колдонуу менен төлөм жүргүзүүнүн негизги тенденцияларын айтып берди. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрына карата банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода жана тейлөө ишканаларында 63,2 миңден ашуун QR-коддор орнотулса, 2023-жылдын аягына карата 38,9 миң QR-код орнотулган.   Аймактар боюнча орнотулган QR-коддордун саны: Баткен облусунда… Кененирээк…

Жалал-Абадда УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Жалал-Абад облусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.   УКМКга жеке ишкерлерден жана муниципалдык кызматкерлерден алардын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз текшерүү боюнча бир нече жолу арыздар жана кайрылуулар келип түшкөн. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (документтерди жасалмалоо) каралган кылмыштын… Кененирээк…

Улуттук банк Оштогу коммерциялык банкка айып салды

Улуттук банк Оштогу коммерциялык банкка айып салды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош облусунда жайгашкан бир коммерциялык банк айыпка жыгылды.   Натыйжада, банкка 55 миң сом… Кененирээк…

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү дээрлик 1 млн кыргызстандыкты бириктирди

Кыргызстандын бардык аймагында 14-сентябрь жана 21-сентябрда ишембиликтер өттү. Масштабдуу экологиялык иш-чара Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өткөнүн уюштуруучулар билдиришти.   Маалыматка ылайык, акцияга 1 миллионго жакын адам чогулуп, 9 миң тоннага жакын таштанды чыкты.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Кара-Балтадагы 209 млн сомдук автобекет мамлекеттин балансына кайтарылды

Кара-Балта шаарындагы баасы 209 млн сомдон ашык автобекет мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   УКМК тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекеттин менчигине кайтарылды.   Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөтү белгилүү болду

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөтү белгилүү болду. Боршайкомдун маалыматы боюнча, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү    7-октябрда, ал эми талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрда аяктайт.   Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрга чейин жүргүзүлөт, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрда жыйынтыкталат.… Кененирээк…