Ысык-Көлдүн айыл аймактарында лыжа комплекси курулат

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарында лыжа комплекси курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Балбай айыл аймагынын аймагында жайгашкан жер тилкеси “Запастагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер” категориясына өзгөртүлдү.  … Кененирээк…

Эртең Бишкекте борбордук көчөлөр жабык болот

Эртең Бишкекте борбордук көчөлөр жабык болот. Мэриядан билдиришкендей, 29-сентябрда кайрымдуулук жарым марафону өтөт жана ага 4,5 миңден ашык адам катышат.   Спорттук иш-чара Ала-Тоо аянтында башталып, катышуучулар борбордук көчөлөр аркылуу чуркайт. Буга байланыштуу, таңкы саат 6дан тарта Чүй, Айтматов проспектилери, Абдрахманов, Масалиев, Иманалиев көчөлөрү тосулат.… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Темир айылынын тургундары көчүрүлөт

Ысык-Көлдүн Садыр-Аке айыл аймагындагы Темир айылынын тургундары көчүрүлөт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, чечим селден жабыркаган тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.   Токтомдо жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган.   Эске салсак, ушул жылдын август айында аталган аймакта… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди

Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды 1:0 эсебинде жеңди. Оюн кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.   Голду беттештин экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Бекназ Алмазбеков пенальти аркылуу киргизди. Бул Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы экинчи жеңиш.   Эми… Кененирээк…