Кыргызстанда дары жана медициналык товарлардын баасы кымбаттайт

Кыргызстанда дары жана медициналык товарлардын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Асель Турдалиева билдирди. Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, өлкөдө препараттарга жана медициналык товарларга 12 пайыздык  кошумча нарк салыгы киргизилди.   Документ 12-августта кабыл алынган. Буга байланыштуу дары-дармектин жана медициналык товарлардын баасы… Кененирээк…

Ысык-Көлгө 500 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди

Ысык-Көлгө 500 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, салмагы 25-35 грамм болгон чабактар «Ысык-Көл плюс» айыл чарба кооперативинин инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.   Ошондой эле азыркы учурда Балык өнөр… Кененирээк…

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бүгүн Жибек-Жолу проспектисинин Сүйүнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.   Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектисинин Аламүдүн суусунун күн чыгыш тарабынан тарта Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.   Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан… Кененирээк…

Сузакта “Бахрейн-3” социалдык шаарчасынын курулушу башталды

Сузак районунда “Бахрейн-3” социалдык шаарчасынын курулушу башталды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган объект Жерге-Тал айылында жайгашкан.   Шаарча 16 үй-бүлөгө ылайыкташат. Бул жерде үйлөрдөн тышкары 150 орундуу мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, дүкөн да курулат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Бишкектеги таксилердин иши жөнгө салынат

Бишкектеги таксилердин иши жөнгө салынат.   Мэрия таксисттерге жалпы эрежелерди орнотууну көздөөдө. Алардын арасында айдоочуларды сапарга чейин милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүү жана транспорт каражаттарын техникалык кароо кирет.   Ошол эле учурда унаалар аптечка, эскертүүчү үч бурчтук жана өрт өчүрүүчү жабдуулар менен жабдылышы керек.  … Кененирээк…

Бишкекке жакын жерде улуттук колориттеги эс алуу жайы курулат

Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн аймагына улуттук колориттеги эс алуу жайы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жер айыл өкмөт тарабынан бөлүнөт. Учурда долбоор жергиликтүү органдарга сунушталды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Аптанын аягына чейин жылуу аба ырайы сакталат

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда аптанын аягына чейин жылуу аба ырайы сакталат.   Синоптиктердин маалыматына караганда, иш күндөрү абанын температурасы 21-26 градуска чейин жылуу болот. Ишемби жана жекшембиде болсо, 27-30 градус жылыйт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

“Бишкектеплосеть” квитанциялар боюнча түшүндүрмө берди

“Бишкектеплосеть” абоненттерине август айы үчүн эки квитанция берилди. Төлөм бир, эки күндүк айырма менен жеткирилди.   “Бишкектеплосеть” бул программалык камсыздоонун бузулушунан улам болгонун билдирди.   Компаниянын айтымында, эгерде эки квитанция келсе, төлөмдү кайра берилген эсепке ылайык жүргүзүү керек, анда төлөмдөр боюнча туура маалыматтар камтылган.  … Кененирээк…

Жалал-Абаддын айрым көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абаддын айрым көчөлөрүндө электр энергирясы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 18-сентябрда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 20:00гө чейин Р.Азимова, Сатыбалды Палван, Ч.Айтматов, Б.Алыкулов, Гагарин көчөлөрүндө, ал эми саат 10:00дөн 10:30га чейин жана 20:00дөн 20:30га чейин Жеңи-Жок, Белек, Арбат, Мадаминов, Абдрахманов,… Кененирээк…

Койду жасалма уруктандыруу аркылуу 6 миңден ашуун асыл тукум төл алынды

Кыргызстанда 2023-жылы 6 миң 190 баш койду жасалма уруктандыруу аркылуу быйыл 6 миң 247 баш асыл тукум төл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, муну менен куудурулган койдун төлдүүлүгү 101%ды түздү. Анын ичинен:  … Кененирээк…