Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда пенсия көбөйтүлдү

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда пенсия көбөйтүлдү. Социалдык фонддун маалыматына караганда, пенсиянын минималдуу өлчөмү эми 6 миң 900 сомду түзөт.   Эске салсак, быйыл өсүш эки этап менен болду. Алгач пенсиянын базалык бөлүгү теңдештирилди. Ага ылайык, 1-июлдан тарта бардык пенсионерлер 3 миң 170 сомдон ашык ала баштады.… Кененирээк…

«Достук» бекетинде калкты тейлөө сапаты жакшыртылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетинде калкты тейлөө сапаты жакшыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.   Маалыматка ылайык, үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу үчүн аталган пунктун айрым жерлеринде оңдоо иштери жүргүзүлүп, кошумча паспорттук көзөмөл терезелери ачылып, чек ара кызматкерлеринин саны 9 адамга көбөйтүлдү.  … Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы октябрда эки беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы октябрдагы беттештерге даярдыгын баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында кыргыз спортчулары 10-октябрда Катар менен беттешет. Ошондой эле 15-октябрда өз оюн талаасында Түндүк Кореянын курамасы менен… Кененирээк…

Садыр Жапаров Италия жана Ватиканга расмий сапар менен барат

Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италия жана Ватиканга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   “3-октябрда президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, Италиянын депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италиянын… Кененирээк…

Бишкекте «Жыл мугалими» сынагы башталды

Бишкекте “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп, 5-октябрга чейин уланат.   Маалыматка ылайык, биринчи орун алган мугалимге Бишкектен батирдин… Кененирээк…

Чүй облусунда фармацевтикалык завод ачылды

Чүй облусунун Сокулук районунда фармацевтикалык завод ачылды.   Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, жаңы ишкана жылына 18 миллион литр инфузиялык эритмелерди, 57 миллион инъекциялык ампулаларды жана 31 миллион флакон көзгө тамчылатма дары чыгарат деп күтүлүүдө.   Завод толук ишке кирсе 100гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.… Кененирээк…

Кыргызстан Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматта белгиленгендей, президент Садыр Жапаров быйыл февралда коопсуздук боюнча аймактык жыйында жана БУУнун Башкы ассамблеясынын 75 сессиясында да аталган өлкөгө жардам берүүгө эл аралык коочмулукту үндөгөн.   Афганистанга Кыргызстандан буга чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда туристтик жайларга баруучу жолдор жакшырууда

Кыргызстанда туристтик жайларга баруучу жолдор жакшырууда.   Унаа жана жолдор миистрлигинен ишендиришкендей, учурда жаратылышы кооз жерлерге бара турчу унаа жолдорду оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, “Каракол” тоо лыжа базасына кетчү жолго асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, жөө адамдар үчүн тротуар салынып, унаа… Кененирээк…

Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 80 пайызга аяктады

Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпысынан 535 миң гектарда жүргүзүлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 112 миң гектарга көп.   Белгиленгендей, буудай, арпа,… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.   Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Ал эми мурда бул кызматты ээлеп турган Айжамал Шамбетова өз каалоосу иштен бошотулду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…