Бишкектин 3 жаңы конушуна кийинки жылы газ өткөрүлөт

Бишкектин 3 жаңы конушуна кийинки жылы газ өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, кеп Эне-Сай, Арча-Бешик жана Селекция конуштары тууралуу болуп жатат.   Быйыл көгүлтүр от Бакай-Ата, Төкөлдөш конуштарына жана Новопавловка айылдарына өткөрүлдү. Андан тышкары, газ түтүктөрүн өткөрүү боюнча иштер Ак-Босого… Кененирээк…

Тайландда жарандарга акча таратылууда

Тайландда жарандарга акча таратылууда. Азыркы тапта 3 миллиондон ашык жергиликтүү тургун “Санарип капчык” программасынын алкагында 300 доллардан алды.   Биринчи кезекте каражат аз камсыздалган жарандарга берилип жатат. Айдын соңуна чейин 14,5 миллион алам, андан кийин программа дагы кеңейтилет. “Санарип капчык” долбоору экономиканы өнүктүрүүгө жана жарандарды… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортунда баалуу таштарды, баалуу металлдарды жана алардан жасалган зер буюмдары импорттоо-экспорттоо учурунда мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча адистештирилген атайын пост ачылды

“Манас” эл аралык аэропортунда баалуу таштарды, баалуу металлдарды жана алардан жасалган зер буюмдары импорттоо-экспорттоо учурунда мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча адистештирилген атайын пост ачылды.   Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, анда тиешелүү документтер текшерилет, буюмдардын курамында баалуу металддар, асыл таштар аныкталат жана зер буюмдардын саны,… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы бекитилди

Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы бекитилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерине 51 депутат, шаардык жана айылдык кеңештерге — 70 миңге чейин  болсо 31 депутат, 70 миңден жогору болсо — 41 депутат шайланат.   Эске салсак, жергиликтүү… Кененирээк…

Кыргызстан электр энергияны коңшу мамлекеттерден сатып алууну улантат

Кыргызстан электр энергияны коңшу мамлекеттерден сатып алууну улантат.   Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, күз-кыш мезгилине Түркмөнстандан 1 миллиард 700 миллион киловатт-саат жана Казакстан менен Россиядан дагы ушундай эле көлөм, ал эми Өзбекстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясы импорттолот.   Өлкөдөгү гидроэлектростанциялар менен жылуулук электр… Кененирээк…

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп Улан Карыпбеков дайындалды

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп Улан Карыпбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ведомствонун буга чейинки жетекчиси, коррупцияга шектелип камакка алынган Рустам Жокоев кызматынан бошотулду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Кыргызстанда окуу китептери боюнча маселени чечүүгө 8 миллиард сом талап кылынат

Кыргызстанда окуу китептери боюнча маселени чечүүгө 8 миллиард сом талап кылынат. Каржы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, жыл сайын мектеп китепканаларын толуктоого 200 миллион сомго чейин бөлүнөт, бирок бул сумма жетишсиз.   12 жылдык окутууга өтүүдө электрондук китептерди киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда, — деди министр.   Ушул… Кененирээк…

Өлкөдө эки жылга жайыт жерлерин колдонууга чектөө киргизилет

Өлкөдө эки жылга жайыт жерлерин колдонууга чектөө киргизилет. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жакынкы жайыттар интенсивдүү пайдаланылып жаткандыгына байланыштуу министрлик жергиликтүү мамлекеттик органдарга жайыт жерлерине мал жаюуга чектөө киргизүүнү сунуштады.   Чектөөлөр 2025-жылдын 15-апрелинен 15-сентябрына чейин созулат, андан ары… Кененирээк…

Кыргызстанда кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт, бирок  “жөнгө салуу иштери” жүргүзүлүп турат

Кыргызстанда кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт, бирок  “жөнгө салуу иштери” жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген учурда бир-эки саатка электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн.   Бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл. Жайкысын ысык… Кененирээк…

Былтыр энергетика тармагынын жоготуулары 2,5 млрд кВт/саатты түздү

Улуттук статистика комитети Кыргызстанда 2023-жылы 13,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөнүн, бул 2022-жылга салыштырмалуу 0,3% аз экенин билдирди.   Былтыр электр жарыгынын 87% жакынын гидроэлектростанциялар өндүргөн. Өлкөдө 2023-жылы калк 17 млрд 189 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген. Кыргызстан өзү өндүргөн жарык муктаждыкты толук жаппайт. Ушундан улат… Кененирээк…