6 миң 660тан ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

 Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында 6 миң 660тан ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, сумма 2 млрд 660 млн сомдон ашты.

 

Кредит алгандар мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү менен алектенишет. Долбоорду ишке ашырууга эки банк катышууда.