Бүгүн Жалал-Абад шаарынын эки кичирайонунда суу болбойт

Бүгүн, 29-декабрда Жалал-Абад шаарынын Спутник жана Көк-Арт кичирайондорунда суу болбойт.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, суу берүү саат 9:00дөн 17:00гө чейин оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу убактылуу токтотулат.

Шаар мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.