Бишкекте эркин күрөш боюнча республика чемпионаты өтөт

Бишкекте эркин күрөш боюнча республика чемпионаты өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 23-24-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болот.

Чемпионат улуттук курама команданы түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкө жаштарынын арасында күрөштү жайылтуу максатында уюштурулат.

Мелдеш UWW эл аркалык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.

Спортчулар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг салмак категорияларында күч сынашат.