Бишкек – Ош унаа жолунда жылынып алуучу түйүндөр ачылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Сосновка” жана “Арал” постторунда чатырлар тигилип, ысык тамак-аш жана жылытуучу түйүндөр уюштурулат.
Аба-ырайынын катаал шарттарына карабай, учурда Бишкек – Ош жана Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолдору ачык. Жеринде куткаруучулар нөөмөттө туруп, жолчулар кар тазалоо иштерин жүргүзүүдө.