Бишкек ЖЭБи катуу суукта жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берди

Бишкек ЖЭБи катуу суукта жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берди. Бул тууралуу 24 агенттигине “Электр станциялардан” билдиришти. Тармактык суунун температурасы +86-87 градусту түздү.

 

Өтүп кеткен сутка ичинде ишкана                         8 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыкты. Эске салсак, өткөн эс алуу күндөрү метео байкоолор тарыхындагы эң суук болду.