Кыргызстанга жеңил унаанын импорту кескин өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын 11 айында өлкө аймагына 33 миң 890 жеңил машине жеткирилди.
Бул 2021-жылга салыштырмалуу 3 эсе көп. Унаанын көбү Түштүк Кореядан – 7 миң 342, Грузиядан – 6 миң 560 жана АКШдан келет – 4 миң 600. Андан тышкары, Кыргызстанга транспорт Япония, Литва жана Кытайдан ташылат.