Мамлекеттик ипотекалык компания эки кабат үйдү сатыкка койду

Мамлекеттик ипотекалык компания эки кабат үйдү сатыкка койду.

Компаниянын маалыматына ылайык, үй Аламүдүн районундагы Сары-Өзөн шаарчасындагы 3-линия көчөсүндө жайгашкан.

Аукцион бүгүн, 7-мартта саат 15:00дө Бишкектин Токтогул көчөсү, 228 дарегинде өтөт.

Үйдүн жалпы аянты 364,55 чарчы метрди түзөт.

Алгачкы баа 68 млн 755 миң сом.