Улуттук энергохолдинг электр жарыгын өчүрүүнү токтотконун жарыялады.
Мекеменин маалыматына караганда, акыркы суткада калктын электр энергиясын пайдалануусу кыскарды.
Ал болжол менен 64 миллион кВт/саатты түздү.
Буга чейин аномалдуу сууктан улам эң жогорку керектөө 76,5 миллион кВт/саатты түзгөн.
Эске салсак, январь айында аба ырайынын сууктугуна жана электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу өлкөдө жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жаткан.