Ош облусунда милиция коомдук тартипти дрондун жардамы менен көзөмөлдөйт.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жумушчу долбоор катары Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван райондору, Ош эл аралык аэропорту жана “Достук” өткөрмө бекети тандалып алынды.
Учурда дрондор менен тажрыйба Кара-Суу районундагы “Туратали” базарында колдонулуп жатат.