Өлкө аймагынан пиязды экспорттоого киргизилген чектөөлөр Кыргызстандын бардык ишкерлерине тиешелүү

Өлкө аймагынан пиязды экспорттоого киргизилген чектөөлөр Кыргызстандын бардык ишкерлерине тиешелүү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын начальниги Римма Киселева билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин экспорт үчүн камдалып, сактоочу жайлардагы пиязды дагы сыртка чыгарууга болбойт.

 

Ал эми ишкерлердин буга чейин жетишилген макулдашуулары боюнча эрежелерди өзгөртүү сунушталат. Эске салсак, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааны туруктуу кармоо үчүн пияздын экспортуна тыюу салынган.