Айдоочулардын кыжырын келтирген нерселерди немис социологдору тизмектеди

Айдоочулардын кыжырын келтирген нерселерди немис социологдору тизмектеди. Сурамжылоого ылайык, басымдуу учурда айдоочулар бири бирин жактырбайт. Жол жүрүүдө шашып, каршы тилкеге чыгып же артынан шаштырып, жарыкты күйгүзүп-өчүргөндөр көп тил угат.

 

Мындай айдоочуларды сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы атады.

 

Дагы 60 пайыз суралгандар  тескерисинче, “таш бакадай” жай жүрүп, башкаларга тоскоолдук жараткан айдоочуларды жактырбайт.