Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылды

Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, №19 автобус Ак-Ордо конушунан Кустанай көчөсүнө чейин жүрөт.

Анын узундугу 36,6 чакырымды, интервалы 10 мүнөттү түзөт.

Линияда 11 транспорт бар.

Эске салсак, мэрия Кытайдан газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобус сатып алган.

Алар 150дөн ашык маршрутканы алмаштырат.

Өткөн аптада автобустардын биринчи партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамга чыгып, бекитилген маршруттар боюнча жүргүнчүлөрдү ташып жатат.