Британдык аткаруучу Эд Ширан менен ырчы Адель Карл IIIтүн таажы кийүүсүнө байланышкан концертке катышуудан баш тартты.
Буга артисттердин бош эмес иш графиги себеп болгон.
Падыша иш-чарада көргүсү келген ырчылардын тизмесин жеке өзү түзгөнү жана жогорудагы өнөр адамдарынын баш тартууларына абдан капа болгону айтылууда.
Белгилеп кетсек, Улуу Британиянын жаңы башкаруучусунун расмий таажы кийүү аземи ушул жылдын 6-майында болот.