Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу мектептеги билим берүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.
Анын айтымында, каттоо электрондук форматта www.testing.kg сайтында 7-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул үчүн абитуриенттерге паспорттун нускамасы, ЖРТ төлөмүнүн квитанциясы жана талаптарга ылайык сүрөт керектелет.
Белгилеп кетсек, ЖРТнын жыйнытыгы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн керек. Мындай талап 2012-жылдан тартып күчүндө.