Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн эрежелери өзгөргөн жок

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн эрежелери өзгөргөн жок.

 

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева Novosti.kgге билдиргендей, сынакты өткөрүү, документтердин тизмеси жана башка процедураларга өзгөрүүлөр киргизилген эмес, бардыгы буга чейинки шарттар менен өткөрүлөт.

 

Болгону, тесттин тапшырмалары жыл сайын жаңыдан түзүлөт, — деди Батракеева. Эске салсак, быйыл жалпы республикалык тестирлөө 19-майдан 24-майга чейин өтөт.