Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ушул жылы коронавирус пандемиясы жыйынтыкталганын жарыялашы мүмкүн. Мындай божомолду уюмдун генералдык директору Тедрос Гебрейрус берди.
Анын пикиринде дүйнө акырындап өзүнө келди. Ал белгилегендей, 11-мартта дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий түрдө коронавирус пандемиясы башталганын жар салганына 3 жыл болду.