Кытайдын Сиань шаарына аба каттамдардын саны көбөйтүлөт. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, 27-марттан тарта кытайлык авиакомпания тарабынан Сиань-Бишкек-Сиань каттамы жумасына 2 ирет – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.
Учуу убактысы 4 жарым саатты түзөт. Эске салсак, аталган багыт 11-февралда ачылып, жекшемби күндөрү аткарылып жаткан.