Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Өкмөттүн 2017-жылдын «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн.
Анын ичинен бүгүнкү күндө 47си ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды, — деп айтылат маалыматта.