Кыргызстанда аскердик кызмат өтөө мөөнөтү узартылышы мүмкүн

Кыргызстанда аскердик кызмат өтөө мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

 

Аскердик келишимдин мөөнөтүн 5тен 10 жылга жана аскердик кызматты 12ден 14 айга узартуу долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.

 

Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун айтымында, муктаждык жаралган учурда аскерди 14 айга чейин алып калууга укук берилет. Андан тышкары, дефициттеги адистерди кармап туруу үчүн келишимдин мөөнөтүн узартуу сунушталган.