Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош, Каракол – Эңилчек жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.
Мындай коркунуч 27-мартка чейин сакталат. Аталган трассалар менен жүрүүдө айдоочуларга унаалар ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.