Тажикстанда жер титирөөдөн ондогон турак жай кыйрады

Тажикстанда 23-мартка караган түнү болгон жер титирөөдөн Согд облусунун Тоолуу Матча районунда ондогон турак үй жана айыл-чарба курулуштары кыйрады.

Күчү 5,9 баллга жеткен зилзала саат 1.07де болгонун Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору жана Тажикстандын Илимдер академиясынын сейсмология институту билдиришти.

 

«Озоди» радиосу жазгандай, кээ бир айылдардын тургундары түнү бою сыртта отурууга аргасыз болгонун, мал-жандыктан айрылганын, жардам бейшемби күнү түшкө чейин да келбегенин айтып беришти. Бийлик премьер-министр Кохир Расулзода жетектеген комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Маалымат катаражаттары Дүйшөмбүдөгү көп кабаттуу турак жайлардын тургундары жер силкингенде шашып көчөгө чыгышканын жазышты.

Маалыматка караганда, зилзаланын очогу Кожент шаарынан 96 километр алыс жерде орун алган. Ал жакта силкинүүнүн күчу Рихтер өлчөмү боюнча 5,9 баллга, башкалаа Дүйшөмбүдө 4 баллга жетти

 

Жер титирөө Кыргызстан менен Өзбекстанда да сезилди.

 

21-марттын кечинде Ооганстандын түндүк тарабында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору силкинүү Пакистанда жана Индиянын борбору Нью-Делиде да сезилгенин кабарлаган.

Ал күнкү жер титирөө Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 3 баллга чейин сезилди.