Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөлөт

Быйыл Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчөгө асфальт төшөлөт.

 

Унаа жана жолдор министрлиги билдиргендей, бардык иштер жол сезонунда бүткөрүлөт.

 

Ошондой эле бул жылы Нарын облусу боюнча 106 чакырым жолду асфальттоо каралган.