Бишкектин Ак-Өргө конушунда тез жардам станциясынын курулушу аягына чыгарылат

Бишкектин Ак-Өргө конушунда тез жардам станциясынын курулушу аягына чыгарылат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды.

 

Тендерди мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Бул максатта 14 миллион 676 миң сом бөлүнөт. Белгилеп кетсек, амбулатория жана тез жардам станциясынын курулушу 2019-жылы эле башталган, бирок пандемия учурунда токтоп калган болчу.