Быйыл Кыргызстанда жол курууга 1 миллиард сом каралды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Ошол эле учурда 607 миллион сом каржыланган.
Эске салсак, март айында Япония Кыргызстанга жолдорду жакшыртуу үчүн 5 миллион доллардан ашык кайтарымсыз каражат берери белгилүү болгон.