Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Андан такташкандай, төлөм системалар штаттык режимде иштеп жатат.
Чет элдик валютанын куну ага болгон суроо-талапка жараша калыптанат. Кайсы бир валютанын курсу серпилип баштаса, Улуттук банк эл аралык рынокко интервенция менен чыгып, тиешелүү чараларды көрөт.
Эске салсак, Россиядагы акыркы окуяларга байланыштуу, 23-24-июнда рубль кескин арзандап кеткен.