Тоң районунун Алабаш айылында жаңы фельдшердик-акушердик түйүн пайда болду. Курулуш иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 11 миллион сом бөлүнгөн.
ФАП тиешелүү медициналык жабдуулар менен камсыздалып, 1 миң 300дөй жергиликтүү тургунду тейлейт.