Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош, Талас – Тараз – Суусамыр жана Бишкек – Нарын – Торугарт трассаларында учурда жолчулар иштеп, кардан тазалап жатат.

 

Инерттүү материал улам себилүүдө. Авариялык абалдарды алдын алуу үчүн айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.