Бишкектеги жаңы перинаталдык борбор жакында пайдаланууга берилет.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта курулуш иштери аяктады. Учурда медициналык жабдууларды орнотуу, ошондой эле борбордун айлана-тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы перинаталдык борбор Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен салынууда.
Медициналык жай 200дөй орунга ылайыкташкан.