Чүй облусунда алты суу сактагыч оңдолуп жатат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, кеп Агермен, Кара-Тума, Макачи, Спартак, Төмөнкү Ала-Арча жана Ашмара объектилери жөнүндө болуп жатат.
Мындан тышкары Молтобар, Ак-Суу, Шорго жана Совхоз каналынын декадалык ирээтке салуу бассейндерин реконструкциялоо жүрүүдө.
Тиешелүү түзүмдөргө объекттерди калыбына келтирүүнү кыска мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасы берилген.