Бишкекте эртең 3 миң 800дөн ашык абонент карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн.
Ордо калаанын электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, өчүрүү эртең жүргүзүлөт.
Суукта жарыгы жок калбаш үчүн керектөөчүлөргө карызды бүгүн төлөө сунушталат. Ал үчүн төлөм терминалдарын жана электрондук капчыктарды колдонсо болот.