Бишкекке ысык суу берүүдө чектөө киргизилди

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

 

Ал эми керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилди, — деп айтылат маалыматта.