Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Ал 12-майга караган түнү Түркиянын Стамбул шаарында күрөш боюнча Олимпиадага дүйнөлүк тандоо мелдешинин жарым финалында венгриялык Даниел Лигетини 12:2 эсебинде жеңди.
Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына 11 лицензия бар.