Бишкек мэриясынын «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын директору болуп Адилет Билимбек уулу дайындалды. Жаңы жетекчини ишкананын кызматкерлерине Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев тааныштырды.
Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынды.