Кыргызстанга Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери келди

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун Кыргызстанга келгенин өкмөттөн маалымдашты.
«Манас» эл аралык аэропортунан Лю Гочжунду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, көзөмөл-өткөрүү жайлары, соода жүгүртүү, транспорт, курулуш, тоо-кен, билим берүү тармактарындагы маселелер боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү маалымдалды.
Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында маданий программалар да уюштурулат.