Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, продукцияга ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө иш-чаралары, ошондой эле сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү.
Аптасына 12 тоннадан 24 тоннага чейин, жалпы 1 миң тонна койдун этин экспорттоо пландалып жатат.