Быйыл Нарын облусунда 64 социалдык объекттин курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Планга жаңы автобекеттин, көпүрөнүн, мектептердин, турак-жай комплексинин, спорт комплексинин, мал базардын курулушу жана жолдорду реконструкциялоо иштери кирет.